Кирүү

Жалган чаңгыл кебер

Жалган чаңгыл кебер - өсүмдүк илдети. Ага көбүнчө жүзүм, кайчы гүлдүүлөр (капуста, брюква, жалган кычы, түрп), бадыраң, беде, пияз, күн карама, кызылча, тамеки чалдыгат. Илдетке чалдыккан өсүмдүктүн жалбырагына же башка органдарына темгил тактар (өлүү ткандар) түшүп, жалбырактын астыңкы бетин ак, боз же көгүш (мите козу карындын спораларынын көбөйүшү) өңөр кебер басат.

Мите козу карындар өсүмдүк тканынын ичинде, клетка арасында болуп, көпчүлүгү бузулган ткань менен кошо өлөт. Айрым түрү өсүмдүк тамыры жана башка органдарында сакталып, көп жылдык митеге айланат. Жалган чаңгыл кебер жылытылма, парникте өстүрүлүүчү өсүмдүктөр да чалдыгат. Күрөшүү чаралары: агротехниканы туура жүргүзүү, которуштуруп эгүү, аңызды өсүмдүк калдыгынан тазалоо, өсүмдүктүн илдетке туруктуу сортторун эгүү, жылытылма, парникти дезинфекциялоо же топурагын жаңыртуу, өсүмдүккө бордо суюктугу жана жез купоросун чачуу.

Ой-пикирлер