Кирүү

Жел кыймылдаткыч жана установкалар

Жел кыймылдаткыч жана жел установкалар - шамалдын кинетикалык энергиясын механикалык энергияга айландыруучу агрегат. Шамал энергиясын (басымын) кабыл алып, аны айлануучу валдын механикалык энергиясына айландыруучу тетик катары калактуу барабан жана бара колдонулат. Иштөөчү тетиктин тибине, баранын түзүлүшүнө карата канатчалуу, каруселдүү (роторлуу), барабандуу болуп бөлүнөт.

Көбүнчө шамал энергиясынын көп үлүшүн (0,48 га чейин) механикалык энергияга айландыруучу канатчалуу жел кыймылдаткыч жана жел установкалар колдонулат. Калактарынын санына карата бара тез (4 төн аз), орточо(4-8 ге чейин) жана жайыраак айланмага ажыратылат. Жайыраак айлануучу бараны иштетүү үчүн калактар көбүрөөк орнотулуп, ал эми генератору борбордон четтөөчү насос менен агрегатталат. Мындай кыймылдаткычтардын кубаттуулугу шамалдын ылдамдыгына пропорциялаш. Жел установкасы бир же бир нече жел кыймылдаткычынан, аккумуляциялоочу (жыйноочу) түзүлүштөн жана жөндөөчү системалардан турат.

Аккумуляциялоочу түзүлүш катары электр-химиялык аккумулятор батареялары, инерциялык аккумулятор колдонулат. Жел установкасы атайын максаттагы (насостук, электр заряддык жана башка ) жана комплекстүү пайдаланылуучу (жел менен күч берүүчү жана жел электрдик) болуп айырмаланат. Жел кыймылдаткыч жана жел установкалардын кубаттуулугу 10 Ваттан 1000 кВаттка чейин болот. Бул установкалар энергиянын башка булактары болбогон жерлерде мал сугаруу, жарык кылуу жана башка максатта пайдаланылат.

Ой-пикирлер