Кирүү

Колхозчуларды авансылоо

Колхозчуларды авансылоо - колхоздун эмгек акыга бөлүнгөн кирешесин жарым-жартылай бөлүштүрүү формасы. Аткарылуучу жумуштун көлөмү же алынуучу продукциянын саны жана сапатына төлөнүүчү эмгек акынын эсебинен колхозчуларга алдын ала берилүүчү насыя акча. Колхозчулар менен биротоло эсептешүү жылдын аягында жүргүзүлөт. ССКП БК менен ССРБ МСинин 1956-жылы 6-марттагы токтомуна ылайык эмгек күнгө ай сайын аванс берүү кеңири колдонулуп, ал 1966-1968-жылдары колхоздордо ай сайын гарантиялуу эмгек акы төлөөгө өтүүгө түрткү берди. Бул коомдук чарбанын өнүгүшүнө шарт түзүп, колхозчулардын кызыгуусун күчөттү.

Ой-пикирлер