Кирүү

Бээнин вирустан кулун салышы

Бээнин вирустан кулун салышы - бээнин жугуштуу ылаңы; бээ тууруна жакын калганда кулун салып, кулундун боору менен көк боорунда некроздук өзгөрүүлөр болот. Ылаң энзоотия формасында өтөт. Ылаңдын козгогучу - вирус. Ал каканак челинде, сары суусунда жана паренхиматоздуу органдарда кездешет. Таза бээге вирустан кулун салган бээден тоют, суу, кык аркылуу жугат. Ылаңдын букма мезгили 10-12 күн.

Бооз бээ адатта 7-11 айдын (кээде 4-6 айында) аралыгында кулун салат. Көп учурда кулун тирүү туулуп, бир же эки күндөн кийин өлөт. Алдын алуу жана каршы күрөшүү чаралары: бээни жакшы тоюттандыруу, кулун салган бээни өзүнчө бөлүү, аткананы жана башка кылдат дезинфекциялоо, өлгөн кулунду, анын чөбүн жок кылуу. Кулун салган бээ 2 айдан кийин гана үйүргө кошулат.

Ой-пикирлер