Кирүү

Гидромеханикалаштыруу

Гидромеханикалаштыруу - суу агымынын жардамы менен жер, тоо-кен жана башка иштерди механикалаштыруу ыкмасы. Суу агымынын кыймыл энергиясы менен иштейт. Гидромеханикалаштыруунун негизги жабдуулары: насос, жүктөөчү аппарат, топуракты соруучу станция, түтүк, насос станциялары, жер машиналары (земснаряд), гидроэлеватор, эрлифт, гидромонитор.

Гидромеханикалаштыруу курулушта, тоо-кен иштеринде (көмүр жана башка кенди жер астынан казып алууда), көбүнчө гидротехникалык жана ирригациялык курулушта (плотина, дамба, сугат системасын, дарыя, каналды бөгөө жана башка ), мелиорацияда (көлмө, канал жана башка тазалоодо) пайдаланылат. Гидромеханикалаштыруу ыкмасы бүтүндөй бир процесс болгон негизги үч операциядан турат: топурак бошотуу, аны суу менен аралаштыруу, ташып барып курулма куруу же үймөктөө. Бул иш жер үстүндө (гидромонитор менен иштөө) жана суу астында (топурак соруучу машина) жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер