Кирүү

Автоматташтыруу айыл чарбасында

Айыл чарба өндүрүшүндө технологиялык процесстерди автоматтык түзүлүштөрдүн жардамы менен башкаруу. Автоматташтыруунун негизги максаты: эмгек өндүрүмдүүлүгүн, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, эмгек шартын, продукция сапатын жакшыртуу жана башка. Автоматташтыруу негизинен үч багытта жүргүзүлөт:

  1. өндүрүш объектилеринин технологиялык параметрлерин жана иштөө режимин автоматтын жардамы менен жөнгө салуу;
  2. машина жана иштөөчү тетиктерге автоматтык түрдө багыт берүү;
  3. агрегаттын аткарган иш өлчөмүн автоматтын жардамы менен контролдоо жана эсебин алуу.

Автоматташтырылган чарбада өндүрүш процесстери көбүрөөк же толук механикалаштырылган жерлерде (үй куш жана чочко чарбаларында, тоют даярдоо, сугат иштеринде ж. б.) колдонулат. Өндүрүш процесстерин автоматташтырууда автоматтык контролдоо (текшерүү), коргоо, жөнгө салуу жана башкаруу (киши катышпаган) системалары колдонулат. Автоматтык контролдоо системасы — машина агрегаттарынын иштешине же өндүрүш процесстерине байкоо жүргүзүүнү жеңилдетет же андан толук бошотот; автоматтык коргоо системасында — корголуучу объектини авария же башка бузулуудан сактап, анын иштешин токтотот; автоматтык жөнгө салуу — иш процессин белгилүү абалда кармап турат же белгилүү мыйзам боюнча өзгөртөт, автоматтык башкаруу — кыймылдаткыч жана кыймылга келтиргичти иштетүү, токтотуу, негизги валынын айлануу багытын өзгөртүүнү, автоматтык түрдө контролдоо, коргоо жана белгилүү режим боюнча жөнгө салууну камсыз кылат. Автоматташтыруу системасы ишенимдүү болушу үчүн автоматиканын магниттик, жарым өткөргүчтүү жана башка жаңы элементтери иштелип чыккан.

Гидравликалык, пневматикалык автоматтык башкаруу системалары көп колдонулат. Трактор жана айыл чарба машиналарында автоматтык түзүлүштөр кеңири колдонулууда. Трактордо кыймылдаткычтын валынын айлануу ылдамдыгын жөнгө салгыч, суу жана майдын температурасын бир калыпта кармап туруу үчүн термостат жана башка автоматтык түзүлүштөр орнотулат. Көчмө дизель электр станциясында автоматтык түзүлүштөр токтун чыңалуусун жана жыштыгын, суунун температурасын, майдын басымын, валдын айлануу ылдамдыгын, радиатордо суунун деңгээлин жана башкаларды жөнгө салып, аварияга учуроо коркунучу пайда болгондо агрегаттын иштешин токтотот жана башка трактордун машина, соко, транспорт каражаттарына жана башка автоматтык чиркештиргичи агрегаттын жумуш аткаруучу тетиктерин көтөрүү-түшүрүүнү камсыз кылат. Коргоочу автоматтык түзүлүштөр машинанын тетиктерин жана башка сынып, бузулуудан сактайт.

Айыл чарба машиналарынын көтөрүүчү автоматтык түзүлүштөрү (арткы дөңгөлөктөн кыймылга келүүчү) соко, үрөн сепкичтин жумуш аткаруучу тетиктерин иштөө абалынан транспорттук абалга (жана тескерисинче) келтирет, кызылча комбайнынын кампасынан кызылча түшүрүү үчүн раманы көтөрөт жана башка айыл чарба өсүмдүгүн чарчылапчөнөктөп эгүү жана тигүү үчүн автоматтык түзүлүштөр колдонулат. Чөп, саман таңгактоо автоматтык таңгактагыч аппарат менен ишке ашат. Комбайндын барабанына түшүүчү эгин массасынын өлчөмү автоматтык түрдө жөнгө салынат. Дан сактагыч, жылытылма, дан кургаткычта, жана башка жылуулук жана нымдуулукту автоматтык түрдө жөнгө салгычтар колдонулат. Сугат жана мелиорация системаларында сууну көзөмөлдөө жана бөлүштүрүү иштери кыйла даражада автоматташтырылган. Мал чарбасында автоматташтыруу ар башка өндүрүштүк операцияларды үзгүлтүксүз автоматтык катарга бириктирүүгө мүмкүндүк берет.

Автоматтын жардамы менен мал сугаруу, короо-сарайларын жарык кылуу, желдетүү, аба жана суу жылытуу ж. б. Сүттү көп саап алууга, малдын семиришине, жүндүн арбын болушуна көмөк берет. Мал чарбасына байланыштуу жумуштарды автоматтык башкарууда (мисалы, тоют даярдоо жана таратуу, уй саадыруу ж. б.) программалуу убакыт релеси пайдаланылат. Фермаларда мал автоматтык сугаргычтын жардамы менен сугарылат. Чарба аралык аралаш тоют даярдоо цехтеринде, колхоз, совхоздордо тоют даярдоо жана бөлүштүрүү иштери автоматташтырылган агрегаттын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал агрегаттар тоют компоненттерин майдалап, белгилүү өлчөмдө кошуп, аралаштырат, тоют кошулмаларын (витамин, антибиотиктер, микроэлементтер) кошот. Фермада электр жарыгын өз убагында күйгүзүү жана өчүрүү автоматтын жардамы менен жөнгө салынат. Кашар, сарайларды жылытуу, желдетүү, чандан арылтуу, температураны бир калыпта сактоо, аба алмаштыруу иштери программалуу реленин жардамы менен жүргүзүлөт. Үй куш чарбасында электр же газ менен жылытылуучу автоматтык брудерлер колдонулуп, анда температура бир калыпта болот. Жөжө чыгаруу үчүн автоматтык инкубатор колдонулат. Мында бардык негизги процесстер автоматтын жардамы менен жөнгө салынат, айыл чарба өндүрүшүн башкарууну автоматташтырууда ЕС—1046 электрондук эсептегич машиналары, Роботрон — 1715 компьютерлери колдонулчу. Учурду мунун баары компьютер жана арзан баадагы arduino программалоо схемалары аркылуу жүргүзүлүүдө.

Автоматтык жөндөө

Автоматтык жөндөө — автоматтык башкаруунун бир түрү; ал технологиялык процессти берилген чоңдуктун талап кылынган мыйзам боюнча өзгөрүшүн же туруктуулугун автоматтык түрдө кармап турат. Процесстин аракетин аныктоочу аткаруу механизмине башкаруучу таасирди берүү менен ишке ашырылат. Айыл чарба өндүрүшүңдө көп кезиккен Автоматтык жөндөө, объектилери: жылыткыч жана электр мештери, жылуулук генератору, аба жана суу жылыткычтарынын бардык түрлөрү. Буларда температура, электр энергиясын, отун же абаны автоматтык түрдө азайтуу же көбөйтүү менен жөнгө салынат. Дан кургаткыч, жашылча сактагыч, жылытылма инкубатор жана мал сарайындагы температура, абанын нымдуулугу ж. б., суу чыгаргычтагы суунун деңгээли же басымы, өсүмдүк өстүрүүчүлүктө жана мал чарбасында физиологиялык процесстер (көп жана сапаттуу продукция алуу максатында), жерди терең же тайыз айдоо, комбайндын барабанына түшүүчү эгиндин өлчөмү жана башка автоматтык түрдө жөнгө салынат.

Автоматтык илиништиргич

Автоматтык илиништиргич — өзү жүрүүчү машина же тракторго айыл чарба машинасын же шайманын, ошондой эле темир жол вагон жана локомотивдерин автоматтык бириктирүүчү, ажыратуучу механизм. Ал агрегат жүрүп баратканда же токтоп турганда машинаны, вагонду бириктирет жана ажыратат. Айыл чарба машиналарын агрегаттоо үчүн трактор, өзү жүрүүчү машина же комбайнда илиштиргич пружина, чык этме тээк, таяныч, ок, кронштейн жана багыттагыч бар. Автоматтык илгичтин эки бөлүгү тракторго, өзү жүрүүчү машинага же комбайнга, экинчиси бириктирилүүчү машинага, шайманга же чиркелгичке (прицепке) орнотулат. Мындай автоматтык илгич тез илиштирет да, жумуштун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Замандын талабы болуп калгандай, учурда ар бир убакытты үнөмдөөчү аспап болобу, каражат болобу алтындын баасына тете болуп калды десек болот. СССРдин темир жол катнашынын составы СА-3 маркасындагы автоматтык илгич менен жабдылган.

Автоматтык куйгуч

Талаа шартында трактор, автомобиль, өзү жүрүүчү айыл чарба машиналарына май куюучу жана нефть продуктуларын ташуучу цистерналуу автомобиль.

Автоматтык сугаргыч

Мал жана үй куштарын сугаруучу түзүлүш. Автоматтык сугаргыч чөйчөкчө, рычаг, клапан жана башка тетиктерден турат. Мал же үй кушу тумщугу менен рычагды түрткөндө клапандын пружинасы кысылып, суу өткөрүүчү жылчыкты жапкан клапан ачылат да чөйчөкчөгө суу толот. Мал же үй кушу башын көтөргөндө пружина бошоп, рычаг көтөрүлүп, клапан мурдагы калыбына келет да суу өтүүчү жылчыкты жаап калат. Автоматтык сугаргычтан мал суусаганда сууну эркинче ичет. Ал көбүнчө уй, чочко жана үй куштарын сугаруудагы кол эмгегин жеңилдетүү үчүн колдонулат. Албетте, мал-жандын, куштардын гигиенасында дагы бул сугаргыч чоң ролду ойонойт. Ичкен суу таза болуп түрдүү ылаңдар көп жолобойт.

Ой-пикирлер