Кирүү

Айыл чарба өндүрүшүн рационалдаштыруу

Айыл чарба өндүрүшүн рационалдаштыруу - продукцияны көп алуу, анын сапатын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, эмгек шартын жакшыртуу, жерди өндүрүмдүү пайдалануу, продукция бирдигине жумшалган чыгымды азайтуу максатында өндүрүш процесстерин өркүндөтүүгө арналган иш-чаралардын жыйындысы.

Өндүрүштү рационалдаштыруу топурактын күрдүүлүгүн арттыруу ыкмаларын, эмгекти уюштуруу формасын жакшыртууну, өндүрүштү адистештирүү жана кооперациялоону, айыл чарба продукциясын сатып алуу жана сатуу системасын өркүндөтүүнү камтыйт. Өндүрүштү рационалдаштыруунун негизги багыты табиятты коргоо иш-чараларын иштеп чыгуу жана аны ырааттуу ишке ашыруу болуп саналат.

Өндүрүштү рационалдаштыруу - иштин коопсуздугун камсыз кылууну, бир калыптагы эмгек режимине өтүүнү, өндүрүштүк тартипти, эмгек тартибин ар тараптан чыңдоону жана башка талап кылат.

Ой-пикирлер