Кирүү

Кыргызстанда колхоз кыймылын жетектөө

Кыргызстанда колхоз кыймылын жетектөө - Кыргыз автономия областынын түзүлүшү менен колхоз кыймылын түздөн-түз жетектөө маселеси курч коюлду. Түндүк Кыргызстан колхозчуларынын 1-съездинде (1928, январь) айыл чарба өнөр жай кредит союзуна караштуу (1923-жылы уюшулган) айыл чарба коллективдеринин атайын секциясын уюштуруу белгиленген. Колхоз кыймылына жетекчилик кылуу борбордук катары Кыргыз колхоз секциясы 1928-жылы 10-январдан иштей баштап, жакын арада эле ага 60 коллективдүү бирикме кирген.

Кыргыз колхоз секциясынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болгон: дыйкан чарбаларын коллективдештирүү процессин жетектөө; айыл чарба азыктарын иштеп чыгаруучу коллективдерди уюштурууга, колхоз продукциясын сатууга, колхоздорду өндүрүш каражаттары менен жабдууга көмөктөшүү; кредиттерди тийиштүү түрдө пайдаланууну контролдоо; колхоздорду агрардык-маданий жактан тейлөө жана башка.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин органдын өз алдынча иштөө зарылчылыгы пайда болду. 1929-жылы февралда Кыргыз колхоз секциясы айыл чарба өнөр жай кредит союзунан бөлүнүп, өз алдынча иштөөчү Кыргыз колхоз союзуна, ал Кыргыз колхоз борборуна кайра уюшулган. Ошондой эле Фрунзе, Талас, Каракол, Нарын кантондук жана Ош округдук колхоз союздары уюшулган.

1920-жылдардын аягы- 1930-жылдардын башында Кыргыз АССРинин кооператив-колхоз системасын жетектөөнү жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн. ВКП(б) БКнын жана анын Орто Азия бюросунун директиваларына ылайык ВКГ1(б)нын Кыргыз обкомунун аткаруу бюросу республикалык Союздар Союзун түзүү чечимин кабыл алып, ага тармактык айыл чарба кооперациялары (мал чарба, пахтачылык, дан эгин, мелиорация) кирген.

Ушул учурда республикада дыйкан чарбаларынын колхоз курулушун пландап, жетектеген эки уюм - Кыргыз колхоз борбору жана Союздар Союзу болуп калгандыктан, 1930-жылы февраль-мартта ал экөө бириктирилген. Ошол эле учурда кантондук колхоз союздары жоюлуп, райондук мал чарба союздары менен дан кооперативдери райондук колхоз союзу болуп уюшулган. Кыргыз колхоз борбору квалификациясы жогору адистер менен чыңдалган. 1932-ж. ВКП(б) БКнын 2-ноябрдагы чечимине ылайык Кыргызстанда колхоз кыймылын жетектөө боюнча Кыргыз колхоз борбору Жер иштер эл комиссариатына бириктирилип, Кыргыз АССР жер иштер эл комиссариатында колхоздук-товардык фермаларды жетектөөчү сектор уюшулган.

Райондук колхоз союздар жоюлуп, алардын кызматын жер иштер органдары аткарган. Турмуштук сыноодон өткөн бул жер иштер системасы 1934-жылы толугу менен калыптанып, 1940-жылга чейин болгон. Колхоз кыймылын жетектөөнү жакшыртуу жеке дыйкан чарбаларынын өндүрүштүк кооперативдерге массалык түрдө киришине, кыргыз көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларынын отурукташуусуна, кыргыз айылын социалдык кайра куруу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзгөн.

Ой-пикирлер