Кирүү

Жугуштуу анемия

Жугуштуу анемия - жылкынын жугуштуу ылаңы. Туруктуу же улам кайталап кармоочу калтыратма. Ылаңдуу малдын каны азаят, жүрөк-кан тамыр системасынын иштеши бузулуп, вирус организмде узакка сакталат. Ылаңды вирус козгойт. Вирусту 1904-1906-жылдары француз илимпоздору А. Карре менен А. Валле ачкан. Россияда 1910-жылы М. И. Потудин, 1929-жылы А. В. Васильев, 1932-жылы И. В. Поддубский, Б. Г. Иванов, Я. Е. Коляковдор аныкташкан. Ылаң бардык континентте жолугат. Жугуштуу анемия менен кээде качыр менен эшек да ылаңдайт.

Ылаң ылаңдаган жылкыдан же вирус алып жүрүүчүлөрдөн жугат. Жылкы көбүнчө жугуштуу анемия менен жай, күздө ылаңдайт. Ылаң көбүнчө токойлуу, саздак жерлерде кездешет. Ылаңдын букма мезгили 5-30, кээде 90 сутка жана андан да ашык. Ылаңдаган жылкынын температурасы көтөрүлүп, тоюттан калат, тез чарчап, шалдырайт, былжыр чели саргарып, канталайт, тез арыктайт. Натыйжалуу дары иштелип чыга элек. Алдын алуу: ылаңдаган малды бөлүп, жок кылуу жана 3 айга чейин карантин чектөө.

Ой-пикирлер