Кирүү

Гасанова Шамама Махмудали кызы

Гасанова Шамама Махмудали кызы - (07. 11. 1923- жылы туулган, Азербайжан ССРи, Физули району, Ариятли кыштагы ) - айыл чарба өндүрүш новатору, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1947, 1950). 1946-жылдан баштап ССКП мүчөсү. Азербайжан чарба институтунун агрономия факультетин бүткөн (1966). Комсомол жаштар звеносун башкарган (1942-1953). 1953-жылдан баштап Физули районундагы "Биринчи Май" колхозунун төрагасы. Ал жетектеген колхоз алдыңкы чарбалардын бирине айланып, көп жылдар бою пахтадан мол түшүм алган. 1954- 1983-жылдары ССРБ ЖСинин депутаты. Гасанова беш жолку Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы , "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.

Ой-пикирлер