Кирүү

Арыс жаныбары

Арыс - суусар сымалдар тукумундагы жырткыч жаныбар. Денеси субагай, узундугу 20-32 сантиметр. Эркеги ургаачысынан чоңураак. Жылына эки жолу түлөйт (күзүндө, жазында), жайында жону кызгылт күрөң, боору саргыч темгили бар ак, кышында бүт тулку бою ак, куйругунун учу гана дайыма кара болот. Жүнү кыска, териси баалуу. Арыс Түндүк Америкада, Түштүк Американын түндүгүндө, Европа, Азияда (Түндүк Муз океанынан Орто Азияга чейин) тараган. Кыргызстанда түздүктөрдөн бийик тоо өрөөндөрүнө (3000-4000 м бийикт.) чейин кездешет. Арыс 8-9дан кызыл эт мөндөлөй тууйт. Алар 1,5 айда көздөрүн ачат. Арыс көбүнчө майда кемирүүчүлөрдү (чычкан ж. б.) жеп, айыл чарбасына пайда келтирет. Арыска атайын аңчылык кылынат.

Ой-пикирлер