Кирүү

Ветеринария-санитария көзөмөлү

Ветеринария-санитария көзөмөлү - ветеринардык контролдоо боюнча иш чаралардын системасы; ал өлкөнүн ветеринардык -санитардык иш чараларын жакшырышын камсыз кылат. Бул иш чаралар элди мал менен адамга бирдей тиешелүү болгон жугуштуу оорулардан, малды ылаңдан сактоого багытталган.

Ветеринария-санитария көзөмөлү : эт комбинаттарын ветеринардык тейлөөнү; базарга түшкөн мал жана азык-түлүк сапатын контролдоону; лабораториялык диагноздоо жүргүзүүнү, мал ташууну көзөмөлдөө; малды жана эт азыктарын экспорттоо жана импорттоо иштерин контролдоону камтыйт. Ветеринария-санитария көзөмөлүн бардык жерде ветеринардык мекемелер жүргүзөт. Ветеринария-санитария көзөмөлү боюнча негизги жоболор өлкөнүн ветеринария уставында жазылган.

Өлкөнүн мамлекеттик агрардык өнөр жай комитеттеринин ветеринардык башкы башкармасы - өлкөдөгү ветеринария-санитария көзөмөлү боюнча борбордук директивдүү орган; анын көрсөтмөлөрү чарбанын бардык тармактары үчүн милдеттүү.

Ой-пикирлер