Жер жөнүндөгү мыйзамдардын негиздери
Жер жөнүндөгү мыйзамдардын негиздери - ССРБ жана союздук республикалардын жерди пайдалануу жана коргоо боюнча коомдук мамилени жөнгө салуучу Бүткүл союздук мыйзам актысы. 1968-жылы 13-декабрда ССРБ ЖС кабыл алып, 1969-жылдын 1-июлунан баштап күчүндө болгон. Жер жөнүндө мыйзамдардын негиздеринин милдети жерди илимий негизде рационалдуу пайдалануу жана коргоо, анын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кам көрүү, социалдык мекемелердин жана жарандардын укугун коргоо, закондуулукту чыңдоо аркылуу жер жөнүндөгү мамилени жөнгө салуу.
Ал ССРБ де жер мамлекетке гана таандык экендигин ырастайт, мамлекеттик жер фондусунун бирдиктүүлүгү жөнүндөгү өтө маанилүү жобону чыңдайт, ал фондунун составдык бөлүктөрүнүн классификациясын аныктайт. Негиздерде, жер акысыз пайдаланылары жана анын мөөнөттөрү, жер бөлүштүрүү тартиби көрсөтүлүп, жерди коргоо жана анын күрдүүлүгүн арттыруу боюнча укук гарантиялары аныкталган; жерди пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери так белгиленип, жерге орноштуруу маселелерин жөнгө салуу иштери боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби, жерди алып койгондогу же убактылуу пайдалангандагы чыгымдарды төлөө көрсөтүлгөн.
Негиздер эмгекчилер депутаттарынын жергиликтүү Советтеринин жер маселелерин чечүү укугун кеңейтип, жерди пайдалануу боюнча мамлекеттик контроль жүргүзүү ишин жүктөдү. Негиздердин негизги жоболорунун бири мамлекеттик жер кадастрын киргизүү болуп эсептелет, ошондой эле жер жөнүндөгү законду бузгандыгы үчүн жоопкерчилик белгиленген. Эгер жер туура пайдаланылбаса, жер жөнүндөгү мыйзам такай бузулса, ал жер пайдалануучудан алып коюлат. Кеткен зыян өндүрүлүп алынат.