Жайлоо советтери
Жайлоо советтери -1927-1934-жылдарда Совет бийлигинин Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы органы болгон. Кыргызстандын тоолуу жерлериндеги чарба тиби, көчмөн турмуш, социалдык топторго бөлүнүү, эмгекчи элдин байманаптарга экономикалык жактан көз карандылыгы, айрым жерлерде манаптардын толук бийлик кылышы, уруучулук мамилелердин калдыктары жана башка себептерден улам көчмөн турмушка ылайык өзүнчө Советтерди түзүү зарылчылыгы келип чыккан.
Алгачкы жайлоо советтери ВКП (б)нын Кыргызстан обкомунун 1927-жылдын 22-февралдагы чечими боюнча Суусамыр жайлоосунда уюшулган. 1928-жылы жайлоо советтери Алайда иштей баштаган. 1930-жылы Суусамыр, Алай жана Сонкөлдө жайлоо советтери райондук аткомдун укугунда иште-генералдык Ысык-Көлдүн сырттарында, Талас өрөөнүндө 2 ден Совет болуштук аткомдун укугунда иш жүргүзгөн. Киров болуштугунун Ой-Кайың жана Маңдай-Таш жайлоолорунда, Талас өрөөнүндөгү Александровка жана Талас болуштуктарында, Алай (Алай өрөөнү), Кызыл-Кыя (Алай өрөөнүнө жакын жерлерде) жана Кызыл-Жар (Чаткал өрөөнү) райондорунда жайлоо советтери айыл советинин укугунда иштеген.
1931-жылы Кыргызстанда 13 жайлоо советтери болгон. Жайлоо советтеринин милдеттерине өздөрү башкарган жерде мамлекеттик тартипти, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, революциячыл мыйзамдуулукту сактоо; көчмөн элдин маданий-чарбалык абалын, турмуш-тиричилигин жакшыртуу; жогорку бийлик органдарынын чечимдерин ишке ашыруу жана башка көптөгөн иштер кирген. Айыл чарбанын коллективдештирүүдөгү жетишилген ийгиликтерге байланыштуу райондук аткомдун укугунда иштеген жайлоо советтеринин зарылдыгы болбой калгандыктан 1933-жылы жоюлуп, туташ коллективдештирүүнүн негизинде бай-манаптар тап катары жоюлгандан кийин калган жайлоо советтери (айыл советинин укугундагы) 1934-жылы өз милдетин айыл Советтерине өткөрүп берген.