Кирүү

Айыл чарба экономикасы

Айыл чарба экономикасы, социалисттик айыл чарба экономикасы - айыл чарба өндүрүшүн айыл чарба продуктуларын белендөөчү комплекстүү тармак катары изилдөөчү экономикалык илим. В. И. Лениндин кооперация планынын негизинде майда дыйкан чарбаларын социалдык типтеги коллективдүү ири чарбага айландыруу мезгилинде пайда болгон. Айыл чарба экономикасы айыл чарбасында өндүрүш, кайталанма өндүрүш жана жыйымдын өзгөчөлүктөрүн, айыл чарбанын ургаалдаштырууну; социалдык айыл чарба системасын бүт изилдейт.

Айыл чарба экономикасынын изилдөө объектилери:

  • жер - айыл чарбанын негизги өндүрүш каражаты, аны рационалдуу пайдалануу жолдору, анын ичинде жер фондусу, анын классификациясы жана структурасы;
  • айыл чарбанын материалдык техника базасы жана техника прогресс, негизги жана айланма фондулар;
  • айыл чарбасындагы эмгек жана анын өндүрүмдүүлүгү;
  • айыл чарба өндүрүшүн жайгаштыруу жана адистештирүү;
  • айыл чарбасында өздүк нарк, баа, баа пайда болуу, айыл чарба продукциясын сатуу-өткөрүү жана товар-акча мамилелеринин ролу, чарбалык эсеп жана башкалар.

Айыл чарба экономикасы дыйканчылык жана мал чарба экономикасына (тоют даярдоону кошо камтыйт) бөлүнөт. Атайын тармагы - айыл чарбанын индустриялаштыруу маселелери, аны өнөр жайлык негизде өнүктүрүү. Айыл чарбанын бир бөлүгү айыл чарба ишканасын (колхоз, совхоз, чарба аралык ишкана, уюм, агро-өнөр жай комплекси ж. б.) уюштуруу бөлүмү болуп эсептелет.

Айыл чарба экономикасы маселелери агрономия илими (агротехника, топурак таануу, мелиорация жана химиялаштыруу, агробиология ж. б.), генетикалык жана зоотехния илимдери менен тыгыз байланышта изилденет. Айыл чарба экономикасы жерге экономикалык жактан баа берүү, айыл чарба продукция базасын дифференциялоо, түрдүү экономикалык жана табигый зоналарда жайгашкан айыл чарба ишканаларынын иштөө шартын теңештирүү маселелерин изилдейт. Айыл чарба экономикасынын негизги жоболорун зоналык айыл чарба экономикалык илимий изилдөө институттары, айыл чарба жогорку окуу жайларында жана окуу академияларында уюшулган айыл чарба экономикасы кафедралары иштеп чыгат.

Ой-пикирлер