Кирүү

Колхоздун үлгү уставы

Колхоздун үлгү уставы - ССРБ де колхоздордун ички чарбалык иштерин жөнгө салуучу жана социализм принциптерин туура колдонууга багыт берүүчү мыйзам, норма актысы. Ал колхоздордун негизги маселелерин, максаты менен милдеттерин, колхоз мүлкү жөнүндөгү укук режимин, колхозчулардын укуктары менен милдеттерин, жер пайдалануу, эмгек акы төлөө жана аны уюштурууну жана башка жөнгө салат. Колхоздун үлгү уставына ылайык ар бир колхоз өз уставын иштеп чыгат. Анда өндүрүштүн жергиликтүү шарты, чарбанын багыты, ишаракети эске алынат. Коллективдештирүү мезгилинде айрым колхоздор өз уставын иштеп чыккан.

Колхоздун биринчи үлгү уставы 1930-жылы кабыл алынган. Уставда артелге киргенде кайсы мүлктөр коомдоштурула тургандыгы көрсөтүлгөн, эмгек акы төлөө жана аны уюштуруу, киреше бөлүштүрүү, коомдук фондунун пайда болушу, иш башкаруу жана башка маселелер белгиленген. 1935-жылы 17-февралда эпкиндүү колхозчулардын Бүткүл союздук съездинде кабыл алынган айыл чарба артелинин үлгү уставы колхоз курулушунун өнүгүшүндө көрүнүктүү тарыхый роль ойногон. Бирок андагы кээ бир жоболор кийин эскирип, тез өнүгүп жаткан колхоз курулушуна ылайык келбей калган.

Өнүккөн социалдык коомдо колхоздордун материалдык-техника базасынын чыңдалышы, көмөкчү ишканалардын өркүндөшү, колхоз аралык жана мамлекеттик-колхоздук өндүрүш байланыштарынын кеңейиши, айыл чарба өндүрүшүн жаңыча пландаштыруу, мамлекеттик салымдардын көбөйүшү, айыл чарба продуктуларынын мамлекеттик сатык баасынын жогорулашы сыяктуу экономикалык чаралар колхоздордун өз алдынчалыгын бекемдеп, уставга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын пайда кылды. Колхозчулардын Бүткүл союздук 3-съезди (1969) кабыл алган Үлгү уставда мурдагы уставдын негизги багыты сакталып, ошол эле мезгилде бир катар жаңы жоболор киргизилген.

Мында ыктыярдуулуктун лениндик принцибин бекемдөөчү укук нормалары ого бетер өнүктүрүлүп, колхоздордун чарбалык, экономикалык жактан өз алдынча болушу жана демилгелүүлүгү кеңейтилген. Уставда колхозго мүчөнү жекече кабыл алуу, колхозчулардын укугу, милдеттери, жерди пайдалануу, колхоз мүлкүнүн укук режими, киреше бөлүштүрүү, өндүрүштү пландаштыруу жана уюштуруу жагынан колхоздордун өз алдынчалыгы, коомдук фондуларды, эмгек, материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу тартиби жана башка даана көрсөтүлгөн.

Бул устав колхоздордо чарбалык эсепти чыңдоо жана коллективдүү көтөрүп алып иштөө ыкмасын кеңири жайылтууга жол ачты. Үлгү уставдын маанилүү өзгөчөлүгү анын айыл чарбасында коомдоштуруунун деңгээлин жогору көтөрүүгө, өндүрүштү топтоого жана адистештирүүгө, колхоз аралык, мамлекеттик колхоз аралык бирикмелерди түзүү аркылуу колхоз-кооперация менчиги менен мамлекеттик менчикти мындан ары дагы жакындаштырууга жана бириктирүүгө мүмкүндүктөрдү түздү. 3-съездден кийинки мезгилде колхоздун өндүрүштүк потенциалы өсүп, айыл-кыштактын социалдык абалы дагы жакшырды.

Ушуга байланыштуу колхозчулардын Бүткүл союздук 4-съездинде (1988) колхоздун үлгү уставына жаңы өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди: чарба жүргүзүүнүн бардык экономикалык механизмдерин толук пайдалануунун негизинде башкаруунун экономикалык ыкмаларын күчөтүү, колхоздун өз алдынчалыгын кеңейтүү, колхоздун экономикалык жана укуктук негиздерин аныктоо, колхоз-кооперация менчигин чыңдоо, эмгек коллективинин демилгесин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү, колхоздук ички демократия жана маалымдуулукту өркүндөтүү жана башка.

Ой-пикирлер