Кирүү

Дефолиация - жалбырак түшүрүү

Дефолиация -түшүм жыйноо алдында өсүмдүктүн жалбырагын түшүрүү; гозону пахта терүүгө даярдоонун негизги агротехникалык ыкмаларынын бири. Д1 дефолианттарды жерден чачкычтардын (ОВХ-14 жана башка ) же авиациянын жардамы менен чачуу аркылуу жүргүзүлөт.

Мында жалбырак табигый куурап түшкөндөгүдөй процесс өтөт. Жалбыракта хлорофил азайып, фотосинтез, органикалык заттардын пайда болуу процесси токтоп, суусу азаят, белоктун ажыроо азыктары көбөйөт. Дефолиация гозонун 1-6 чанагы ачылгандан кийин жасалат. Андан эрте чачканда жогорку, али калыптана элек чанактарга азык заттардын баруусу токтолот да, гозонун түшүмү төмөндөп, буланын жана чигиттин сапаты начарлайт.

Орточо суткалык температура 15°С ден төмөндөгөн маалда (кеч) жасалган дефолиацияда бардык жалбырак түшпөйт. Өз убактысында жүргүзүлгөн дефолиация пахтаны механикалык жол менен терүүгө шарт түзуп, пахтанын басымдуу бөлүгүн (90% дан жогору) суук түшкөнчө жыйнап алууга мүмкүндүк берет. Дефолиациядан кийин пахта терүүчү машинанын өндүрүмдүүлүгү 15-20 пайызга жогорулайт. Дефолианттарды чыгымдоо нормасы гозонун биологиялык абалына, сортуна, чачуу мөөнөтүнө жана башкага жараша болот.

Ой-пикирлер