Кирүү

Аба, айыл чарбасында

Аба, айыл чарбасында, аба — жер атмосферасын түзүүчү газдардын аралашмасы. Топуракта, табигый сууда да аба болот. Аба негизинен азот (78,10%), кычкылтек (20,93%), аргон (0,93%) жана көмүр кычкыл газынан (0,03%) турат.

Анын составында озон, метан жана башка газ сымал продуктулар, өтө аз санда суутек, гелий, неон, криптон, ксенон бар. Деңиз деңгээлиндеги абанын орточо басымы 1,0333 килограмм/см2ге барабар. Суу буусу жана көмүр кычкыл газы жок 1л абанын салмагы 45° кеңдиктеги температура 0°С жана сымап мамычасындагы басым 760 милиметр болсо 1,2928 гга барабар. Топурактагы аба менен атмосферадагы абанын айырмасы чоң. Топурактагы кычкылтек азыраак, көмүр кычкыл газы менен суу буусу көбүрөөк. Абадагы кычкылтек дем алууга абдан зарыл. Ири өнөр жайынын жанында, жабык имараттарда адам же жаныбарлардын көп болушу абада кычкылтектин азайып, көмүр кычкыл газы менен суу буусунун көбөйүшүнө алып келет. Бул адам менен жаныбарлардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Мал чарба фермаларында (имараттарда) көмүр кычкыл газы 0,25—0,30%, абанын салыштырма нымдуулугу 85% тен көп болбошу керек. Айыл чарба продуктуларын, жер семирткич жана жер-жемиш, мөмө-жемиш сактоодо да абанын составынын өзгөрүшү эске алынат. Аба от жагууда, жылуулук же механикалык иштерде, ошондой эле ар кандай реакцияларда химиялык агент катары пайдаланылат. Өндүрүштүк максатта азот, кычкылтек, ошондой эле анын түзүмүнө кирүүчү элементтерди алууда да аба түгөнгүс булак болуп эсептелет.

Аба жылыткыч

Аба жылыткыч — аба жылыткыч же жылуулук алмаштыргыч аппарат. Мында жылуулук бергич катары ысык түтүн, суу буусу, ысык суу, күн же электр энергиясы пайдаланылат. Жылуулук алмаштыргыч аппараттар казан же газ турбиналуу орнотмолордо, меш агрегаттарында, кургатуучу же ысытуучу системаларда кеңири колдонулат. Иштөө принцибине жараша рекоперативдүү (үзгүлтүксүз) жана регенеративдүү (үзгүлтүктүү) аба жылыткычы болуп бөлүнөт. Аба жылыткычында суюк отун же электр ысыткыч элементтери менен иштөөчү аба жылыткычтар көп пайдаланылат. Аба жылыткыч дан эгинди, жүгөрү сотосун, чөп, саман жана башка кургатууда, ошондой эле имараттарды жылытууда колдонулат.

Ой-пикирлер