Кирүү

Колхоздо эмгек акы төлөө

Колхоздо эмгек акы төлөө - мамлекеттик ишканалардай эле ССРБ эл чарбасынын колхоздук-кооперациялык секторунда эмгекке жараша акы бөлүштүрүүнүн экономикалык законунун негизинде эмгекке акы төлөөнүн социалдык формасы. Мында ар бир колхозчунун эмгегине жана анын ишинин сапатына жараша эмгек акы төлөнөт. Мурда коомдук чарбанын кирешесинен колхозчуларга эмгек күнүнө жараша бөлүштүрүлгөн. Эмгек күн эмгекти эсептөөнүн жана колхозчуларга киреше бөлүштүрүүнүн ыңгайлуу ченеми болуп эсептелген.

"Коомдук өндүрүштү өнүктүрүүдө колхозчуларды материалдык жактан кызыктыруу жөнүндөгү" ССКП БК менен ССРБ МСинин (1966, 16-май) токтомуна ылайык колхоздордо гарантияланган эмгек акы төлөө киргизилген. Ай сайын гарантиялуу акчалай эмгек акы төлөө менен бирге кошумча эмгек акы да төлөнөт. Колхоздо эмгек акы төлөөнүн булагы - чарбанын дүң кирешеси, андан гарантиялуу эмгек акы фондусу түзүлөт. Гарантияланган эмгек акы төлөө, колхозчулардын материалдык кызыгуусун жогорулатып, колхоздордун экономикасынын өсүшүнө шарт түздү.

Ой-пикирлер