Кирүү

Кийиз

Кийиз - күзгү жүндөн ар кандай калыңдыкта жана чоңдукта, тегиздеп басылып жасалган материал. Колдо жасалган кийизден боз үйдүн тутуусу (үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулгага (тердик, ичмек, ком, чом, желдик), кийим (калпак, чокой), төшөнчү жана башка ар түрдүү үй тиричилик буюмдары (ала кийиз, шырдак жана башка) жасалат. Азыр кийиз фабрикада өнөр жайлык ыкма менен битум сиңирилген минерал кебезден жана химиялык буладан жасалат. Алар техникалык, үй тиричилик жана курулуш кийиздерине бөлүнөт.

Техникалык кийиз кылчык, чала кылчык, уяң жүндөн 0,09-0,45 грамм /сантиметр³ тыгыздыкта таома, пластина жана даяр тетик түрүндө жасалып, автомобиль, трактор, комбайн жана самолётко сальник, ызгыт, амортизатор, билик жана башка катары. пайдаланылат. Үй тиричиликте кийизден чокой, ат жабдыктары жана башка жасалат. Курулуш кийизи үйдүн дубалдарын, жыгач устундарын, терезе, эшиктерин жана башка бириктирилген жерлерин жылуулап тыгыздоо үчүн жана үн, жылуулук өткөрбөөчү материал катары керектелет. Коёндун, эчкинин жүнүнөн даярдалган кийиз абдан жумшак келип, андан калпак, берет жана башка кийимдер даярдалат.

Ой-пикирлер