Кирүү

Жамгырлатма машина жана установкалар

Жамгырлатма машина жана установкалар - айыл чарба өсүмдүктөрдү сугарууда колдонулат. Өзү жүрмө, асма жана которулма болуп бөлүнөт. Талаада трактордун жардамы менен которулат. Механикалык жана гидравликалык кыймылга келүүчү жамгырлатма аппараттар бар. Жакын (5-8 метр ), орто (15-35 метр ) жана алыс (40-80 метр ) аралыкка жамгырлатуучу машиналар болот.

Жакын аралыкка жамгырлатма машиналардын (ДМ-100, ДМА-200) кыймылдуу тегеренүүчү бөлүктөрү болбойт: тамчынын пайда болушуна жараша ал дефлектордуу, борбордон четтеме жана агымдуу болушу мүмкүн. Дефлектордуу кийгизмеде суу дефлекторго тийгенде же борбордон четтөөчү күчтүн жардамы менен чачырайт. Түтүкчөдөгү суунун басымы анчалык көп болбосо жамгырлатуу бир калыпта болуп, тегиз сугарылат. Жакын аралыкка алар көбүнчө жашылча-жемиштерди, пахта жана башка сугарууда кеңири пайдаланылат. Ал тракторлорго чиркелет.

Саатына 0,6-1,4 гектар жерди сугарат. Орто аралыкка жамгырлатма машина алыска жамгырлатма аппараттан чоргосунун диаметринин кичинелиги (3-15 миллиметр) менен айырмаланат: стволу (уңгусу) агымдын басымы аркылуу тегеренип бурулат. Ал бардык өсүмдүктөрдү сугарууда колдонулат.

Алыс аралыкты сугаруучу жамгырлатма машина бир же бир нече стволдон (уңгу) турат. Ал өзүнүн огунда суу агымынын басымы аркылуу тегеренип сугарат. Бир орунда туруп 0,3-1,5 гектарга чейинки жерди сугара алат. Кемчилиги тамчы чон болуп, тез эле көлчүктү пайда кылат же кыртышты жууп кетет. Көбүнчө бул машина менен бак, жашылча-жемиш, жайыт, токой тилкелери сугарылат.

Ой-пикирлер