Кирүү

Жылкы инфлюэнцасы

Жылкы инфлюэнцасы (итал. influenza - таасир берүү ) - жылкынын тез тароочу жугуштуу ылаңы. Ылаңды вирус козгойт. Көбүнчө жылкы, качыр, эшек, кээде төө да ылаңдайт. Ылаң ылаңдуу жана ылаңдап айыккан малдан жугат. Ылаңдын букма мезгили 3-7 күн, катуу кармап, мал кыйналат, тамыр кагышы жана дем алуусу тездеп, температурасы 39,5-41° С ге жетет. Тоюттан калып, суусайт. Оозу, мурдунан шилекей агып, көзүнөн жаш куюлат.

Жарыктан качат, заңдай албай кыйналып, ал ич өткөккө айланат. Дарылоо: ылаңдаган Малды тынч кармап, алдын тазалап, тез сиңүүчү тоют менен тоюттандырылат. Ылаң күчөп кетсе симптомдук дарылоо сунуш кылынат. Алдын алуу: чарбага жаңы келген жылкыларды 30 күн карантинде кармоо. Ылаң чыгар менен чарбага карантин чектөө. Аткананы 2% дуу жегич натрийдин эритиндиси менен дезинфекциялоо.

Ой-пикирлер