Кирүү

Аш кызылчасы

Аш кызылчасы - кызылчанын бир түрү, эки же андан көп жылдык техникалык өсүмдүк. Уругунан өсүп чыгат, биринчи жылы тамыр, сабак байлап, экинчи жылы урук алынат. Жалбырагы чоң, өңү кызыл, тамак-ашка азык тамыры, жаш жалбырагы пайдаланылат. Аш кызылчасында 13-20% кургак зат, анын ичинде 9-16% кант, 1,8-3% белок, 0,5% органикалык кислота, 0,7-1,4% клетчатка, 0,8-1,3% туз, ошондой эле С, В, РР витаминдери болот.

Аш кызылчасы Кыргызстанда 21ден ашуун сорту ( Бордо 237, Кыштык А-474 жана башка) райондоштурулган. Аш кызылчасынан винегрет, салат, борщ, маринад жана башка азыктар даярдалат, кан басымы жогорулаган адамдар дарылыкка да пайдаланышат. Которуштуруп айдоодо аш кызылчасы мурда капуста, помидор, бадыраң айдалган жерге эгилет.

Бир гектар жерге 16-20 килограмм урук 33 сантиметр аралыкта, 2-3 дециметр тереңдикте себилет. Ар гектар жерден 400-500 центнер түшүм алынат. Аш кызылчасы эки жолу (өнүп чыкканда, суюлтулгандан кийин) кошумча азыктандырылып, 2-3 жолу сугарылат. Үрөндүк аш кызылчасынын сабагы кесилип, жазга чейин сакталат.

Ой-пикирлер