Кирүү

Кучин тоогу

Кучин тоогу - эт-жумуртка багытындагы тоок породасы. Кучин (Москва областы) асыл тукум заводунда ак плимутрок, нью-гемпшир, род-айланд, австралорп, леггорн породасындагы тооктор аргындаштырылып, ливен тоогунун канын куюу аркылуу чыгарылган. Кучин тоогу жайык төш, мойну кыска, жоон. Башындагы жүнү саргыч, куйругунун учу кара; корозунун таажысы жана жону кызгылтым, куйругу кара. Корозунун салмагы 3,8 килограмм (эң чоңу 5 килограммга жетет), мекияныныкы 3,0 килограмм (эң чоңу 4,0 килограммга жетет). Жылына орто эсеп менен 180 жана андан да көп (мыктылары 300 гө чейин) жумуртка тууйт. Жумурткасынын салмагы 60-65 грамм. Мурунку ССРБ нин көп аймактарында асыралат.

Ой-пикирлер