Кирүү

Балык уну

Балык уну - кургатылган балык же балык азыктарынын калдыгынан майдаланып (тартылып) даярдалган тоют. Балык унунда протеин (60% га чейин), кальций, фосфор, А, Д, В витаминдери көп болот. 1 килограмм протеиндүү 50% дан ашуун балык унунда 0,90-0,93 тоют бирдиги жана 0,5 килограмм сиңимдүү протеин бар.

Балык унунун сапаты анын майлуулугуна (көп же аздыгына) жараша болот. Өтө майлуу (18%тен ашуун) балык уну көпкө сакталбайт, аны жеген малдын эти менен сүтү балык жыттанып калат. Мамлекеттик стандарт боюнча балык унунда 47% протеин, 18 пайызга чейин май, 5% кайнатма туз, 30% фосфор кычкыл кальций болууга тийиш; нымдуулугу 12% дан, темир кошмосу 0,1 граммдан (1 килограмм унда) ашпашы керек. Балык уну негизинен музоо, чочко, тоок, уйларга берилет. Балык уну аралаш тоюттун баалуу кошулмасы.

Ой-пикирлер