Кирүү

Кооз өсүмдүктөр

Кооз өсүмдүктөр - кооздук үчүн өстүрүлүүчү өсүмдүктөр тобу. Калктуу пункттарды жашылдандыруу, турак жай, гүлзар, көчөлөрдү көрктөндүрүүдө өстүрүлөт; кооз өсүмдүктөрдүн коргоо, санитардык -гигиеналык жана башка мааниси бар. Өсүмдүктүн биологиялык, экологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана өстүрүүнүн агротехникалык ыкмасына жараша кооз өсүмдүктөр төмөнкүчө бөлүнөт: кооз дарак жана бадалдар - жазы, ийне жана күбүлмө жалбырактуулар (эмен, кайың, акация, карагай, арча, мажрүм тал, мырза терек); бир жылдык, эки жылдык, жана к өп жылдык кооз өсүмдүктөрдүн сабагынын өсүү формасына карата сойлоп, төшөлүп, тик өсүүчү жана ампелдик, өсүү шартына, пайдаланылышына жараша оранжерея, бөлмө кооз өсүмдүктөрү. Кооз өсүмдүктөрдөн атыр гүл, георгин, чекилдек гүл, жоогазын жана башка гүлдөрдүн миңдеген жаңы сорттору жана түрлөрү чыгарылган.

Ой-пикирлер