Жаныбарды бакмалаштыруу
Жаныбарды бакмалаштыруу - адамдын чарбалык муктаждыгын канааттандыруу максатында жапайы айбанаттарды колго үйрөтүү. Жаныбарды бакмалаштыруу 10-15 миңдей жыл илгери башталып, мал чарбасынын пайда болушуна себеп болгон. Жапайы жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн ичинен бир аз бөлүгү гана колго үйрөтүлгөн.
Омурткалуу жаныбарлардын 6 классынын сүт эмүүчүлөр классына киргендерден бодо мал (зебу, топоз, бантенг, жаныш, уй жана башка ), түндүк бугусу, төө, жылкы, эшек, кой, эчки, чочко, ит, мышык, коён жана башка; канаттуулар классынан тоок, өрдөк, каз, күрп, көгүчкөн жана башка ; балыктар классынан каңылтыр, алтын сары таман балык жана башка бакмалаштырылган.
Муунак буттуулардан курт-кумурскалар классына кирген бал аарысы менен тыт жана эмен жибек көпөлөктөрү колдо багылат. Жаныбарларды эң алгач колго үйрөтүү убагын негизинен алгачкы жамаат коомундагы адамдардын тургун жайларын казуудан алынган маалыматтар боюнча билүүгө болот. Ал маалыматтар жаныбарды бакмалаштыруунун башталышы мезолит жана неолит дооруна таандык экендигин айгинелейт. Мезолитте ит, неолитте чочко, кой, эчки, уй, кийинчерээк жылкы бакмалаштырылган.
Жаныбарды бакмалаштыруу процессинде жаңы чөйрөнүн, жасалма тандоонун таасиринен колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын жапайы тегинен көп айырмалануу белгилери пайда болгон. Жаныбарлардын пайдалуу белгилери кылымдар бою улам жакшыртылып, малдын көптөгөн породаларын түзүүгө шарт тузгөн. Азыркы мал породалары жапайы тегинен өзүнүн чоңдугу, дене түзүлүшү, скелетинин жеңилдиги, нерв системасы, сезүү органдары (начарыраак өнүккөн), жүнүнүн сапаты, өңүнүн ар түрдүүлүгү, кунардуулугу (эт, сүт, жумуртка, жүн жана башка) боюнча айырмаланат.