Кирүү

Кургатуу

Кургатуу - мелиорациянын бир түрү; чарбалык иште суунун терс таасир тийгизишин жок кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси. Кургатуу жолу менен жаңы жер өздөштүрүлүп, анын күрдүүлүгү жакшыртылат. Бул айыл чарба машиналарын, жер семирткичтерди жана башкаларды рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Кургатуу курулуш куруу, токой өстүрүү, кен байлык казуу, саздак жерди эгин аянтына айландыруу, айыл-кыштактарды, өнөр жай ишканаларын суу ташкынынан сактоо максатында жүргүзүлөт. Жерди кургатуу үчүн кургатуу тармагы курулат, кургатуу системасы белгиленет. Кургатылган жер географиялык өзгөчөлүгүнө, топурактын күрдүүлүгүнө, техникалык-экономикалык шартка жараша пайдаланылат.

Ой-пикирлер