Кирүү

Канал тазалагыч

Канал тазалагыч - тереңдиги 2 метрге чейинки каналды чопо, майда өсүмдүк жана башкалардан тазалайт. Канал тазалагыч ошондой эле курулуш иштеринде да пайдаланылат. Көп жана бир сузгучтуу, шнектүү, фрезерлүү жана башка канал тазалагычка айырмаланат. ССРБ де ЭМ-202, МР-7А, МР-12А, МР-10, ВК-1,2 жана башка маркасындагы канал тазалагычтар чыгарылган. МР-12А маркасындагы канал тазалыгычтын негизги бөлүктөрү: базалык машина, асма жабдуу (система), алмашма тетиктер, иштөөчү тетиктерди кыймылга келтиргич жана жабдууларды башкаруучу гидросистема.

Канал тазалагыч базалык машинасы болуп түтүк төшөөчү жалпак тамандуу ЭТЦ-202А экскаватору, жүрүүчү бөлүк, кабина, отургуч, май куюучу бак жана башкаруу системасы эсептелет. Асма системага (жабдуу) айланма платформа, насосту кыймылга келтирүүчү редуктор, жебе, гидрожабдуулар кирет. Иштөөчү алмашма тетиктер: каналдагы ылай жана өсүмдүк калдыктарын сузуп, ыргыткыч шнек, каналдын жээгин тазалап, тегиздөөчү айланма чөмүч. Айланма платформа рамага бекитилген айланма тегерекке орнотулат. Платформа айланма редуктор, блоктоочу механизм, тең салмактагыч жана эки каптоочтон (кожухтан) турат. Платформага жебе жана аны башкаруучу туткалар орнотулат. Айланма редуктор эки баскычтуу болуп, гидромотор аркылуу иштейт.

Канал тазалоо

Канал тазалоо - каналды суу менен агып келип, канал түбүнө тунган чөгүндүлөрдөн (кум, шагыл, чопо жана башка майда бөлүкчөлөрдөн) жана каналдын ичине өскөн өсүмдүктөрдөн (камыш, жекен жана башка) арылтуу.

Ой-пикирлер