Кирүү

Бит кан соруучу мите

Биттер - кан соруучу мите курт-кумурскалар түркүмү; 200дөй түрү бар. Эң көп таралгандары: уй, кой, жылкы, чочко биттери. Биттердин денеси жалпак, чоңдугу 1-5 миллиметрдей. Курсагы чоң, көпчүлүгү сокур, үч жуп буту бар. Оозундагы соргучтары менен малдын денесине жабышып, канын соруп, ылаң таратат.

Малдын денесинде 30 күн жашап, ургаачысынын ар бири 50-100 сирке таштайт. Каршы күрөшүү чаралары: 5% лук гексахлоран жана креолин, 0,25% дуу гексахлоран эмульсиясы, 0,7% дуу хлордун суудагы эритмеси, 2,4% дуу тамеки кайнатмасын чачуу, короо, сарайды таза кармоо, малды жууп тарап, таза асыроо.

Өсүмдүк тоют биттөөсү

Биттөө - томат, тамеки, күн карама, капуста, сабиз жана жүгөрүнүн жалбырак колтугундагы жан бүчүрлөрүн алып таштоо. Биттелген өсүмдүккө азык зат жакшы топтолуп, мөмөсү бооз мезгилинде тынч кармап, витаминдерге бай, сиңимдүү тоют менен (сабиз, буурчак сабагы, таза чөп) туура тоюттандыруу чоң мааниге ээ. Сапатсыз тоют (тоңгон, ачыган, көгөргөн) коёндун бөжөк салышына же бөжөктүн ичте өлүп калышына алып келиши мүмкүн. Коёндун бооз мезгилинин 2-жарымында бөжөк тез чоңоёт; 20 суткага чейин 2-3 грамм , 25 сутка болгондо 21-22 граммга жетет.

Ой-пикирлер