Кирүү

Бычалга оорусу

Бычалга (мокрец)- жылкынын жана уйдун туягы менен чачысынын ортосундагы теринин сезгениши. Бычалга шагыл, ташка урунуудан, чөңөр тилүүдөн, чалчык, шүүдүрүм аңыз, сазга жаюудан же аки таш чаңына, нефть чалчыгына күйүүдөн, жугуштуу ылаң козгогучтарынан пайда болот.

Дарттын патологиялык процессине жараша бир нече түргө бөлүнөт: экземалуу - териге майда ыйлаакчалар чыгып, жарылып, карттанып, асты ириңдейт; гангреналуу - теринин катмарлары бузулуп, чирийт; чор - тери калыңдап, жүнү түшөт, ар кайсы жери жарылып, сасык сары кочкул суюктук же ириң агат. Дарылоо: дарттын себебин аныктап, жараатты тазалоо; эритемалуу бычалгада - йод, глицерин, пиоктаниндин спирттеги 1% дуу эритмесине кебез чылап, жараатка басат, висмут же цинк майын сыйпайт. Кабылдап кеткенде операция жасалат.

Ой-пикирлер