Кирүү

Кинкан

Кинкан, кумкват - руталар тукумундагы дайыма жашыл жемиш дарагы же бадал. Жалбырагы майда, учу ичке, тик өсөт. Гүлү ак, анча чоң эмес, бирден же топтошуп жайгашкан, кош жыныстуу, августта гүлдөйт. Мөмөсүнүн диаметри 2 сантиметр, тоголок же сүйрү, кызгылтым сары, кабыгы жыттуу. Кинкан суукка байымдуу, Кичи Азиядан таралган. 6 түрү белгилүү. Мурунку ССРБ нин аймагында эгилме 2 түрү бар: маргарита же сүйрү кинкан, япон кинканы. Мөмөсүнөн кыям, цукат даярдалат. Селекцияда суукка чыдамдуу цитрус өсүмдүктөрүн чыгарууда пайдаланылат.

Ой-пикирлер