Кирүү

Жара

Жара - теринин; былжыр челдин жана анын алдындагы ткандардын оңойлук менен карттанбоо кемчилдиги. Этиологиясы боюнча идиопатиялык жара (ал майып болуу, күйүк, үшүк алуу, кислота, жегич жана башкалардан) жана симптомдук жара (айрым жугуштуу ылаңдардан, рак шишигинин денеге тарап кетишинен, кан айлануунун, нерв системасынын бузулушунан) болуп айырмаланат.

Жара жеке жана көп болушу мүмкүн. Арыктоо, авитаминоз, зат алмашуунун бузулушу жараны күчөтөт. Жара ар кандай чоңдукта, формада, тереңдикте жана башка болот. Түбү таза да, ириңдеп турушу да мүмкүн. Дарылоо: ылаң себептерин аныктап, ага жараша дарылоо жүргүзүү. Бузулган тканды операция жолу менен кесип таштоо же күйгүзүү; андан кийин антисептикалык ыкмаларды колдонуу. Алдын алуу: жара пайда кылуучу ылаңдарды өз убагында дарылоо керек.

Ой-пикирлер