Кирүү

Кара аксак

Кара аксак - туяктын салаасын сезгентйп жана туралатып өтө тез таралуучу жугуштуу ылаң. Көбүнчө кой-эчки, кээде уй ылаңдайт. Кыргызстанда 1973-жылы Ш. Сукеев, И. Еготин өзүнчө ылаң катары аныкташкан. Ылаңды анаэроб тобуна кирүүчү таякча түрүндөгү фузиформис-нодозус микробу козгойт. Микробдор кээ бир учурларда өтө майда таякчалар менен курчалып, ал Беберидже феномени деп аталат. Микроб жайытта 2 жума, чыла короодо 2 ай, дарттуу туякта 3,5 жылга чейин сакталат. Соо малга ылаңдаган малдан, булганган кык, суу, тоюттан жугат.

Ылаң башталганда мал аксап, туяктын салаалары кызарып, киргил сары, илээшкек суюктук менен капталат. Күчөп кетсе дарт туяктын ички капталына өтүп, терең жараатка айланып, туягы сыйрылып түшөт. Кой-эчкинин эки-үч туягы дарттануусу мүмкүн. Мындай мал баса албай тез арыктайт. Дарылоо: ылаң башталар замат дарттуу малды изоляторго бөлүп, жараатын тазалап, ар түрдүү дезинфекциялоочу заттар, антибиотиктер менен дарылоо керек. Ылаңга левомицетин менен уротропиндин 1/ 2өлчөмүндөгү күкүмү жана левомицетиндин спирттеги 10% дуу эритмеси жакшы натыйжа берет. Алдын алуу: отордогу кой жумасына бир жолу 5% дуу пароформ, 10% дуу көк таш эритмеси куюлган ваннадан кечириш керек.

Ой-пикирлер