Кирүү

Генералов Фёдор Степанович

Генералов Фёдор Степанович (08. 03. 1899, Москва облусу Луховицк району, Борки кыштагы - 03.05. 1962, Москва областы, Дедино Луховицк району) - ССРБ де колхоз курулушун баштоочулардан болгон. Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949, 1959). 1940-жылдан ССКП мүчөсү. Москва областынын Луховицк районундагы "Красный Октябрь" колхозунун (1932-1937), ошол эле райондун В. И. Ленин атындагы колхозунун (1942-1962) төрагасы. Ал жетектеген колхоз мал чарба азык-түлүгүн алууда жогорку көрсөткүчкө жетишкен. 1950-1962-жылдары ССРБ ЖСинин депутаты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер