Кирүү

Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институту

Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институту - Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин башкы илимий мекемеси. 1931-жылы Край таануу институтунун ботаника-топурак жана зоотехния селекцияларынын базасында мал чарба илимий изилдөө институту катары уюшулуп, 1956-жылы республикалык ветеринария станциясы менен бириккенден кийин Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институту аталган.

1985-жылы 1-июлдан азыркыдай аталат. Институттун негизги милдеттери: малтукумун жакшыртуу (мурда чыгарылган породаларды), кунардуу жаңы породаларды, породалык топ жана типтерди чыгаруу, малды төл эсебинен көбөйтүү, төл багуу, мал тоюттандыруу (алдыңкы технология боюнча даярдалган тоют менен) боюнча ургаалдуу ыкмаларды иштеп чыгуу, мал чарба продукциясын даярдоону өнөр жайлык негизге өткөрүү жана продукция сапатын жогорулатуу, мал чарбасында эмгек акы төлөөнү уюштуруу жана өркүндөтүү жана башка Институттун бөлүмдөрү (1987):

  • илимий-координациялык жана методикалык;
  • экономикалык жана информация;
  • кой чарба (бөлүмдүн лабор-сы бар: уяң жүндүү кой өстүрүү жана селекциялоо, чала уяң жүндүү кой өстүрүү жана селекциялоо, чала кылчык жүндүү кой өстүрүү жана селекциялоо, эчки өстүрүү жана селекциялоо, кой чарба технологиясы, жүн жана кой тери);
  • уй чарба; малдын иммундук генетикасы жана экспертизасы (лабораториясы - малдын генетикалык экспертизасы);
  • сүт жана эт даярдоо технологиясы (лабораториясы - өнөр жайлык уй чарба технологиясы);
  • трансплантация жана мал санын өз төлүнөн толуктоо;
  • тоют даярдоо технологиясы, мал тоюттандыруу жана мал физиологиясы (лабораториясы.: мал тоюттандыруу, мал физиологиясы жана биохимиясы);
Лабораториялары:
  • олуя ата уюн өстүрүү жана селекциялоо;
  • кара ала уй өстүрүү жана селекциялоо;
  • жылкы чарба;
  • чочко чарба;
  • үй куш чарбасы жана башка.

Институтта кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою, ала-тоо ую, кыргыз жаңы жылкысы чыгарылган. Аспирантурасы бар. Институт Эмгек Кызыл Туу ордендүү (1981), 1935-жылдан илимий изилдөөлөрү жарыяланат.

Ой-пикирлер