Кирүү

Кофе дарагы

Кофе, кофе дарагы - мареналар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Дайыма жашыл же жалбырагы күбүлмө дарак жана бадал өсүмдүк. Жалбырагы күңүрт жашыл, тушташ чыгып, жыттуу ак гүлү жалбырак колтугунда жайгашат. Мөмөсү кызыл же каралжын кызгылт, ширелүү, мөмө коргону жана 2 ден уругу (кофе буурчагы же даны деп аталат) болот. Африка менен Азиянын тропик алкагында 40 ка жакын түрү кездешет. Айрым түрлөрүнүн уругунда 0,6-2,7% кофеин болуп, ал тонусту көтөрүүчү суусундук - кофе даярдоо үчүн керектелет. Бүтүн же майдаланган данынан даярдалган суусундук да кофе деп аталат.

Куурулган кофе данынан жасалган эриме кофе кеңири пайдаланылууда. Ысык өлкөлөрдө кофенин 4-5 түрү, көбүнчө аравия кофе дарагы өстүрүлөт. Анын мекени - Эфиопия; XIV-XV кылымдарда башка континенттерге таралып, XVIII кылымдан баштап Бразилияда өстүрүлөт. Азыр дүйнөлүк продукциянын 50% дайын Бразилия берет. Кофе көбүнчө башка өсүмдүк (кокос пальмасы, банан, цитрус өсүмдүктөрү жана башка) менен өстүрүлөт. Жыл бою гүлдөп, мөмөсү быша берет. Ар дарактан жылына орточо 1 килограммдан урук (гектарынан 20 центнерге чейин) жыйналат. Өтө ысык өлкөлөрдө Конго дарыясынын боюнан таралган Конго кофе дарагы же канефора өстүрүлүп, андан негизинен эриме кофе даярдалат.

Ой-пикирлер



2020-05-04
ihnvwvnhsn
Muchas gracias. ?Como puedo iniciar sesion?