Кирүү

Агрономия рудалары

Агрономия рудалары — минерал жер семирткич алуу үчүн баштапкы сырьё болгон тоо тектер. Агрономия рудалары - терминин 1921-жылы Я. В. Самойлов киргизген. Аларга фосфор, калий жана азоту бар тоо тектер кирет.

Фосфорлуу агрономия рудалары — апатит жана фосфориттер. Апатиттин ири кени Кола жана андагы Хибин тоолорунда, фосфориттердин кени Казакстанда (Кара-Тоо тоосунда) жана СССРдин Европа бөлүгүндө (Егорьевск, Вятка-Кама ж. б.) жайгашкан. Калийлүү агрономия рудалары калий туздарынын кендеринен алынат. Алардын ирилери: Верхнекаменск (Перьм обл.), Старобинск (Белоруссия), Стебниковск (Карпат этеги).

Азот табигый минералдардын арасында сейрек кездешүүчү натрий жана калий селитраларынын түзүмүнө кирет. Агрономия рудаларына ошондой эле карбонаттуу тектер (бор, аки таш теги, доломит), серпентинит, сапропелит, бентонит, перлит, вермикулиттер жана чым көң, малга берилүүчү туздар, айыл чарба зыянкечтерине каршы колдонулуучу, мышьяк, барий, күкүрт жана башка кирет. Микрожер семирткичтерди алууда жез, бор, марганец, цинк, кобальт, молибден рудалары жана башка колдонулат.

Ой-пикирлер