Кирүү

Ак түлкү жаныбары

Ак түлкү - иттер тукумундагы жырткыч жаныбар. Дене узундугу 70 сантиметрге, салмагы 2,5-10 кгга жетет. Ургаачысы кичирээк. Түлкүгө окшош, тумшугу кыска, кулагы анча чоң эмес, таман жүндөрү кылдуу. Жүнү коюу, кышында узун, жайында кыска. Бул түлкүнүн көгүлтүр түрү да бар. Европа, Азия, Түндүк Американын тундра зонасында, Түндүк Муз океанындагы аралдарда жашайт. Көгүлтүр түлкү Командор жана Алеут аралын мекендейт. СССРде эки түрчөсү - кадимки ак түлкү жана командор түлкүсү (негизинен көгүлтүр түлкү) бар. Көгүлтүр түлкү айбанат асыроочу чарбалардын капасканаларында (териси үчүн) багылат; 4 төн 12 ге чейин бачики төлдөйт. Эки жолу (жазында, күзүндө) түлөйт. Ар кандай майда жаныбарларды (чычкан, чымчык), ошондой эле балык, жер жемиштерди жейт. Териси абдан баалуу.

Ой-пикирлер



2021-08-10
Элиза
Кыздын кырк чачы уулу