Кирүү

Айыл чарба азык-түлүк балансы

Айыл чарба азык-түлүк балансы айыл чарба азык-түлүк ресурстарынын мүнөзүн жана аны эл чарбасында же анын бир бөлүгүндө отчёттук же пландык мезгилде пайдалануу жолун көрсөтөт. Баланс продуктунун түрү боюнча накталай жана акчалай, ал эми жалпы баланс жалаң акчалай көрсөткүчтөрдөн таблица түрүндө түзүлөт. Анын кириш жана чыгыш бөлүгү болот: кириш бөлүгүндө ресурстардын булагы жана алардын көлөмү, чыгышында чыгымдын түрлөрү, пайдалануунун негизги багыттары, керектөөчүлөрдүн тармагы группалар боюнча көрсөтүлөт.

Айыл чарба ишканаларынын жана көмөк чарбадагы азык-түлүк балансынын негизинде эл чарбасында айыл чарба азык-түлүгүн даярдоо жана керектөө балансы түзүлөт. Жыйынтык баланста жалпы айыл чарбасы боюнча, ошондой эле көмөк чарбалардын азык-түлүктөрү бүтүндөй эсепке алынат. Айыл чарба азык-түлүк балансы өлкөдө айыл чарбасындагы улуттук кирешени жана аны бөлүштүрүү эсебин чыгаруу үчүн колдонулат.

Ой-пикирлер