Кирүү

Жылкыны сыноо

Жылкы сыноо - жылкынын асыл тукумдуулугун жогорулатуунун негизги жолдорунун бири; жүкчүл жылкыны жүк тартышына карата, миңги жана таскактуу жылкыны күлүктүгүнө жараша аныктоо ыкмасы. Миңги жылкы кунанынан үйрөтүлөт. Жылкы сыноо жалпы союздук эреже боюнча тукумуна жараша эки багытта жүргүзүлөт: 1-синде айлампада, 2-синде тоскоолдуктары бар аралыкка чабылат. Айлампада дон, кыргыз жаңы жылкысы, карабайыр, араб, терек, ахалтеке жылкылары, тоскоолдуктуу аралыкка тракенен, латыш жана башка жылкылар чабылат.

Күнандар 1000, 1200, 1500 жана 1600 метр, быштылар 1200, 1400, 1500, 1600, 1800, 2000, 2400 жана 3000 метр аралыкка чабылат. Бир асыйдан тартып жылкылардын чабуу аралыгы быштылардыкынан 3200-4000 метрге алыс болот. Үч асыйдан өткөндөн кийин жергиликтүү шартка ылайык 7000 метрден 15000 метр аралыкка да чапса болот. Жылкы сыноодо чабендестин салмагы чоң мааниге ээ; ал 55-60 килограмдан ашпоо керек.

Таскактуу жылкыны эки дөңгөлөктүү жеңил арабага чегип сынайт. Жүкчүл жылкыны белгилүү өлчөмдөгү жүктү арабага салып тарттыруу аркылуу сынайт. Мында жылкы тарта албай калганча арабага улам жаңы жүк жүктөө аркылуу жылкынын күчү аныкталат. Сыноодон өткөн жылкыларга атайын комиссия баа берип, асыл-тукум ишинде пайдалануу жагын белгилейт.

Ой-пикирлер