Кирүү

Көп жылдык тоют чөптөр

Көп жылдык тоют чөптөр - малга тоют катары пайдаланылуучу эки жана андан көп жылдык чөп өсүмдүктөр. Табигый чабынды жана жайыттарда өсөт; ошондой эле эгилме жайыт жана чабындыларда өстүрүлөт. Жылдык өсүү цикли бир нече фазаларда өтөт: жазгы өнүп чыгуу түптөнүү, машактануу (баш алуу), богок байлоо, гүлдөө, алысындап дан байлоо, күзгү вегетация жана кышкы тыныгуу. Негизинен дан өсүмдүктөр (ат конок, түлкү куйрук, тарак баш, кара кыяк жана башка) жана чанактуулар (уй беде, беде, эспарцет жана башка) тукумундагы чөптөр эгилет.

Көпчүлүк учурда дан жана чанактуу чөп өсүмдүктөр аралаш эгилет. Бул учурда тоюттун сапаты жакшырып, топурактын күрдүүлүгү артат. Көп жылдык тоют чөптөр алысындап өсүшүнө байланыштуу вегетация мезгилинин 2-жарымында жер семирткичтер менен кошумча азыктандырылат. Чанактуу чөп өсүмдүктөр күздүк эгиндин аңызына жазында, дандуусу күзүндө айдалат. Бул өсүмдүктөр Кыргызстанда кеңири таралган. Дандуу чөп өсүмдүктөрү баш алганда, чанактуу чөп өсүмдүктөр богоктонгондо чаап-жыйналат.

Ой-пикирлер