Кирүү

Краснояр кою

Краснояр кою - уяң жүндүү кой породасы. Краснояр крайында жергиликтүү меринос коюн жана уяң-кылчык жүндүү метис койду прекос, рамбулье, аскания койлорунун кочкорлору менен аргындаштыруудан чыгарылган. Порода катары 1963-жылы бекитилген. Краснояр кою эки тиби бар: учум (эт багытында) жана хакас тиби (жүн багытында). Краснояр кою учум тибиндеги кочкорунун салмагы 105- 115 килограмм (соолугу 53-56 килограмм), хакас тибиндеги кочкорунуку 90-95 килограмм (соолугу 50-55 килограмм). Кочкорлорунан 10-12 килограмм, учум тибиндеги соолугунан 4-4,8 килограмм, хакас тибиндеги соолугунан 5,0-5,6 килограмм жүн кыркылат. Жүнү 64-сапатта; 50% таза жүн чыгат. Ар жүз тубар койдон 120-130дан козу алынат. РСФСРдин Краснояр крайында асыралган.

Ой-пикирлер