Кирүү

Жейрен жаныбары

Жейрен -көңдөй мүйүздүүлөр тукумунун газелдер уруусундагы ача туяктуу жаныбар. Дене узундугу 95-115 сантиметр, бийиктиги 60-75 сантиметр, салмагы 33 килограмм. Эркегинин гана мүйүзү бар. Жейрен Закавказье, Орто Азия, Казакстан жана Борбордук Азиянын чөл жана жарым чөлдөрүндө жашайт.

Алар жайында 3-5 тен, кышында 10-20 дан болуп үйүрү менен жүрүшөт. Жейрен жазында 1-2 ден тууйт. Кыргызстанда Ысык-Көл өрөөнүнүн түшиүк-батышындагы Семиз-Бел, Туура-Суу өрөөндөрүндөгү чөлдөрдө сейрек кездешет. Жейрендер уй, кой, эчкиде мителик кылуучу гельминттерди таратат. ССРБ Кызыл китебине катталган.

Ой-пикирлер