Кирүү

Капуста күбөсү

Капуста күбөсү - күбөлөр тукумундагы көпөлөк. Канатын жайганда узундугу 14-19 миллиметр. Малагынын узундугу 9-13 миллиметр, өңү жашыл. Кайчы гүлдүү өсүмдүктөргө, айрыкча капуста, брюквага зыян келтирет. Кыргызстанда капуста эгилген жердин бардыгында кездешет. Куурчакчасы отоо чөптө, капустанын түбүндө, уруктук капусталарынын сабак пиллаларында кыштайт.

Көпөлөгү апрель-майда учуп, кайчы гүлдүүлөрдүн жалбырагынын астыңкы бетине же жалбырак сабына 100 гө жакын жумуртка таштайт. Жумурткадан чыккан малак жалбырак ткандарын, кийин жалбырактын астыңкы бетин оюп жейт. Мурунку ССРБ нин аймагында жылына 10 жолу, Кыргызстандын өрөөндөрүндө 6, тоолорунда 3-4 жолу тукумдайт. Каршы күрөшүү чаралары: отоо чөптөрдү жок кылуу; капуста эгилген жерге эртелеп метафос, хлорофос, карбофос, энтобактерин-3 суспензиясын чачуу жана башка.

Ой-пикирлер