Кирүү

Колхозчулардын жалпы чогулушу

Колхозчулардын жалпы чогулушу - колхоздо иш башкаруунун жогорку органы. Ал колхоздун уставын, уюштуруу-чарбалык, перспективалуу жана жылдык өндүрүштүк-финансы пландарын бекитет. Накталай жана акчалай коомдук фондулардын өлчөмүн, колхозчуларга бөлүштүрүүчү продуктунун өлчөмү менен акча суммасын аныктайт; колхозго жаңы мүчө кабыл алат жана колхоз мүчөлүгүнөн чыгарат; колхоз башкармасын, анын төрагасын жана текшерүү комиссиясын, элдик контролдоо тобун шайлайт; колхоздун чарба аралык ишкана, уюмдарга катышуусу жөнүндөгү жана анын бирикмеге кирүү жөнүндөгү маселелерди чечет; колхоздун башкармасы менен текшерүү комиссиясынын иштери жөнүндө алардын отчётун угат; социалдык маселелер жана эмгекти коргоо боюнча профсоюз комитети менен колхоз башкармасынын өз ара келишимин (макулдашуусун), жылдык отчётун, накталай жана акча фондуларынын өлчөмүн бекитет жана башка.

Бул маселелер боюнча колхоз башкармасынын чечимдери колхозчулардын жалпы чогулушунда бекитилет. Колхозчулардын жалпы чогулушун өткөрүүгө мүмкүн болбогон ири колхоздордо жалпы чогулушка тиешелүү маселелер өкүлдөрдүн чогулушунда чечилет. Колхозчулардын жалпы чогулушунун аралыгындагы мезгилде колхоз иштерин анын башкармасы аткарат. Колхозчуларга эмгек акы төлөө тартибин аныктайт, ички тартип, эмгек акы төлөө жана ички чарбалык эсептин эрежелерин, эмгекке жарамдуу колхозчулардын ишке катышуусу, эмгек минимуму жөнүндөгү маселелерди чечет. Колхозчулардын жалпы чогулушу колхоздун жеринин чегин өзгөртүү жөнүндөгү маселерди карайт. Анын чечими, тигил же бул маселелер колхоз мүчөлөрүнүн дээрлик көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана башка.

Ой-пикирлер