Кирүү

Баргузин коругу

Баргузин коругу - Бурят АССРиндеги Баргузин кырка тоосунун батыш капталында, Байкал көлүнүн түндүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Баргузин булгунун коргоо жана көбөйтүү максатында 1916-жылы уюштурулган. Аянты 263,7 миң гектар. Коруктун тоолуу тайга ландшафттары да корулат. Анда багыш, кабарга, күрөң аюу, камчатка сууру, кекилик, кереңкур, чил, (көл жээгин) мекендейт. Агын сууларында омуль, осетр, хариус, таймань жана башка балыктар бар.

Ой-пикирлер