Кирүү

Каналдын чөгүндүгө толушу

Каналдын чөгүндүгө толушу - каналдын нугу менен түбүнүн шилендилерге (кум, шагыл, чопо, ылай, өсүмдүк калдыгы жана башка) толушу. Каналдагы суу агымы кризистик ылдамдыктан (башкача айтканда майда бөлүкчөлөр суу ичинде калкып тургандай ылдамдыкта) аз болгондо канал чөгүндүгө толуп, суу өткөрүмдүүлүгү азаят. Канал чөгүндүсү негизинен ылай суулардан, шамалдын топуракты каналга учуруп келишинен, каналдын түбүндөгү жана боорундагы топурактын жуулушунан, өсүмдүк, калдыгынан пайда болот. Сугат системалары нормалдуу иштеш үчүн ири шилендилер (диаметри 0,10-0,15 метрден чоң) каналдын баш жагында токтотулуп, майдалары суу менен кошо талаага чыгарылат. Ал үчүн каналдын эңкейиштеги агымдын ылдамдыгы кризистик ылдамдыктан жогору болгудай кылып долбоорлонот.

Ой-пикирлер