Кирүү

Кой буурчак

Кой буурчак - чанактуу өсүмдүктөр тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк уруусу. Кой буурчактын 30 дай түрү Евразия, ошондой эле Түндүк Чыгыш Африкада көп тараган. 25тей түрү мурунку ССРБ нин аймагында, Европа бөлүгүндө, Кавказда, Батыш Сибирде, Орто Азияда өсөт. Эгилме түрү - бир жылдык өзөк тамырлуу өсүмдүк. Тамырында азот топтоочу бактериялуу түймөктөрү бар.

Сабагы түз, бийикт. 20-70 сантиметр. Жалбырагы (11 - 17ден), гүлү (өңү ак, кызыл жана башка) майда. Өзү менен өзү чаңдашат. Мөмөсү - чанак. Ар чанакта 1-2, айрымдарында 4 төн урук болот. 1000 уругунун салмагы 200-300 грамм. Уругунда 30% белок, 7% май, 60% азотсуз зат, В, витамини бар. Кой буурчак кургакчылыкка өтө чыдамдуу өсүмдүк. Дүмбүл кезинде чабылган кой буурчактын көк бакалы тоют катары пайдаланылат. Майда дандуу кой буурчак ССРБ Кызыл китебине катталган.

Ой-пикирлер