Кирүү

Айыл-чарба администрация-башкаруу персоналы

Администрация-башкаруу персоналы совхоздун, колхоздун — аткарган жумушунун мүнөзү боюнча өндүрүшкө тике катышпаган кызматчылар. Совхоз администрация-башкаруу персоналынын саны жөнүндө белгилүү формада жыл сайын статистика органдарына жана өзүнөн жогорку уюмдарга отчёт берет. Администрация-башкаруу персоналына совхоздун директору, анын орун басары, башкы адистери, эмгек, эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелери боюнча инженерлери, экономист, агроном-экономист, зоотехник-экономист, пландоочу, статист, бухгалтер кызматчылары жана башка тейлөө кызматкерлери кирет. Колхоздун администрация-башкаруу персоналына кызматчылардын совхоздогудай эле категориясы кирет. Колхоз үчүн администрация-башкаруу персоналы боюнча отчёт берилчү атайын форма белгиленген.

Ой-пикирлер